Колл - борбор: 105; 1209;

1-июнь — Балдарды коргоо күнү

1 Июнь 2025 ж.

2025-жылдын 1-июнунда, Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата, Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин демилгеси менен Талас электр тармактары ишканасынын кызматкерлери Талас районунун Кум-Арык айылындагы “Талас атайын жалпы билим берүүчү (көмөкчү) жатак-мектеби” мекемесинин тарбиялануучуларына белектерин тапшырышты.
Талас электр тармактар ишканасынын өкүлдөрү балдар менен баарлашып, ар бирине жандүйнөнүн жылуулугун тартуулашты. Ишкананын директору Акылбек Султанов балдарды майрамы менен куттуктап, ден соолук, кубаныч, боорукердик жана жарык келечек каалады.