tpes@nesk.kg Колл - борбор: 105; 1209;

Пресс-Кызмат

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги «Республикалык команда-штабдык машыгууга» катышууда

КРнын Президенти С.Н. Жапаров бекиткен Жарандык коргонуунун 2023-жылга карата даярдык планына ылайык, 2023-жылдын 17-19-май күндөрү Жарандык коргонуу мамлекеттик тутумунун башкаруу органдары менен «Табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар коркунучу жаралганда жана катталганда Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутумунун аймактык, тармактык тутумчаларынын башкаруу органдарынын, күч жана каражаттарынын аракеттери» темасындагы Талас облусунун аймагында Республикалык команда-штабдык машыгуу өткөрүүдө.

Машыгууга Энергетика министрлигинин жана энергокомпаниялардын жалпы кызматкерлери катышып, бүгүн, 2023-жылдын 17-майында саат 07:00дөн тарта жумуш ордунда штаттык режимде иш алып барууда.

Машыгууну жеринде сапаттуу, жогорку деңгээлде өткөрүү максатында Энергетика министрлинин тиешелүү адистери Талас облусуна иш сапар менен жиберилди.

Талас электр тармактар ишканасынын 17 кызматкери ӨКМ тарабынан тигилген чатырларды электр энергиясы менен камсыздоодо. Машыгуунун программасы боюнча иштерди аткарылып, жер титирөөнүн кесепетинен жараксыз абалга келген электр мамычасын алмаштырууга жана аба чубалгысын тартууга даярдыктар көрүлүүдө.

Ошондой эле Талас электр тармактар ишканасынын кызматкерлери машыгуу учурунда катталган окуялар боюнча кабардар болуп, аймактын электр энергиясын жеринде көзөмөлдөө менен ыкчам иш алып барууда. Эгерде катталган табигый кырсыктардын кесепетинен кандайдыр бир аба чубалылары үзүлүп, көмөк чордондор бузулуп же авариялык өчүрүүгө дуушар болсо, Талас ЭТИнин атайын ыкчам тобу иш алып барууга даяр.

Маалыматка ылайык, аталган машыгуу үч күнгө созулат. Энергетика министрлиги машыгууга сапаттуу жана жоопкерчилик менен катышуусун улантат.

Штабдык машыгуу
Энергетика менен камсыздоо жана жарыкты чумботтоо кызматы
МЧС КР
50b805cf-8e9d-4f60-b0d1-4c407e599ee5
cd736414-3c15-4200-96f9-875e5d35243f
4723ee2d-31bc-4400-99ec-1cb9569819cc

Таласта өткөн «Республикалык команда-штабдык машыгуу» жыйынтыкталды

19-май күнү Талас РЭТи уюштурган Талас электр тармактар ишканасынын футбол боюнча турнири өттү . Анда: -орун Талас электр тармактар ишканасынын кызматкерлери аталды. -орун Манас РЭТи -орун Талас РЭТи -орун Бакай-Ата РЭТи -орун Кара-Буура РЭТи -орун Талас ШЭТи Баардык катышуучулар жана жеңүүчүлөргө ийгилик каалайбыз!!!08:33

c7656526-55b0-4dcf-b48f-f5e58004c118
50358487-0074-4df1-8dc1-5ef386ce1005
206370c7-2c59-459f-87b7-55938fb2b81a
e2a02cd0-452c-4307-8796-596d78c254d0