Колл - борбор: 105; 1209;

Каракол айылда 10 кВ аба чубалгысын жаңылоо иштери жыйынтыкталууда

31 Октябрь 2025 ж.

2025-жылга карата пландалган иш-чаралардын алкагында «КУЭТ» ААКнын филиалы — Талас электр тармактар ишканасынын Талас райондук электр тармагынын Ж.Акматов участогу тарабынан 35/10 кВ «Конезавод» көмөк чордонунан чыккан 10 кВ «Каракол» фидери боюнча жаңылоо иштери жүргүзүлүүдө.

Жалпы узундугу 6 км заманбап СИП-3 линия тартылып, 141 даана жаңы электр мамычасы орнотулду.

Бул иштер электр энергиясын жеткирүүдөгү жоготууларды азайтуу, авариялык өчүрүүлөрдүн алдын алуу жана керектөөчүлөрдү туруктуу, сапаттуу электр энергиясы менен камсыз кылуу максатында жүргүзүлүп жатат.