Колл - борбор: 105; 1209;

Энергетика министринин орун басары Нурлан Садыков Талас облусуна иш сапары менен келди

6 Май 2025 ж.

2025-жылдын 5-майында Кыргыз Республикасынын энергетика министринин орун басары Нурлан Маткасымович Садыков иш сапары менен «КУЭТ» ААКнын филиалы - Талас электр тармактар ишканасына келди.
Иш сапардын алкагында Нурлан Садыков Талас шаары менен Талас районунун кээ бир айылдарын электр энергиясы менен камсыздаган 110/35/10 кВ «Талас» көмөк чордонундагы жаңыртылган жабдуулардын иши менен таанышты. Бул жерде 1965-жылдан бери иштеп келген эски КРУН 10 кВ жабдуулары алмаштырылып, ордуна заманбап СШ-59 үлгүсүндөгү КРУН 10 кВ жабдуулары орнотулуп, реконструкция иштери ийгиликтүү жыйынтыкталды.
Ошондой эле министрдин орун басары Талас облусунда орнотулуп жаткан акылдуу эсептегичтердин абалын жеринде текшерди. Учурда бул багытта иштер активдүү жүрүп жатат. 2025-жылдын аягына чейин жалпы 36 742 даана акылдуу эсептегич орнотуу пландалууда:
• Талас району — 10 842 даана
• Манас району — 5 600 даана
• Бакай-Ата району — 7 800 даана
• Айтматов району — 12 500 даана
Мындан тышкары, Нурлан Садыков Талас облусунун райондук жана шаардык электр тармактарынын жалпы абалы менен да таанышып, иштин жүрүшүнө жогору баа берди. Ал кызматкерлер менен жолугуп, тармактагы техникалык камсыздоо, тейлөө жана жаңылануу иштерине байланыштуу маселелерди талкуулады.