Колл - борбор: 105; 1209;

Талас райондук электр тармагы күз-кыш мезгилине карата 80 % жумуштар аяктады

26 Сентябрь 2024 ж.

 
 Талас электр тармактар ишканасынын Талас РЭТи 2024-жылдын күз-кыш мезгилине карата 80% оңдоо иштерин аяктады.
 
  Оңдоо иштеринин алкагында 10 кВ аба чубалгысы Капиталдык оңдоо иштеринин планы - 102 км, анын 80 км ремонт иштери аяктады. Ал эми, техникалык тейлөө иштеринен 10 кВ аба чубалгысында 526,49 км пландалса, анын учурда 370 км аяктады.
 
  Ошондой эле, 0,4 кВ аба чубалгысында 459,79 км техникалык тейлөө иштери пландалса, анын 340 км иштер аткарылды.
 
  Мындан тышкары, трансформаторду капиталдык оңдоодон өткөрүү үчүн 62 даана трансформатор пландалса, учурда анын 58 даанасы аяктады. Техникалык тейлөө иштерин өткөрүү үчүн пландалган 386 даана трансформатордун 280 даанасы аткарылды.
 
  2024-жылдын оңдоо иштеринин алкагында Талас району боюнча 330 даана эски жыгач мамычаны алмаштыруу пландалса, анын 240 даанасы алмаштырылды.
 
  Ал эми, Козучак, ⁠Кара-Ой жана Талды-Булак айылдарына 13 км СИП-2 кабелин тартуу пландалып, учурда анын 10 км аяктады.