Колл - борбор: 105; 1209;

Чат-Базар участогунда 23 трансформатор капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, эски 65 даана мамыча жаңыланды

17 Октябрь 2024 ж.

   
   Талас ЭТИнин Талас райондук электр тармагынын Чат-Базар барчасында электр тармагын жаңылоодо маанилүү иштер жүргүзүлүп, 23 даана трансформатор капиталдык оңдоодон өткөрүлдү, ошондой эле эскирген 65 даана жыгач мамычаны темир бетон мамычага алмаштырылды.
 
   Ремонт иштеринин алкагында 10 кВ аба чубалгысында 39,13 км капиталдык оңдоо иштери аткарылды. Ошондой эле, 10 кВ аба чубалгысында пландалган 153,51 км аба чубалгысында техникалык тейлөө иштеринин 124,24 км аяктады.
 
   0,4 кВ аба чубалгысында пландалган 208,8 км техникалык тейлөөдөн 180,31 км иштери бүткөрүлдү.
 
   Мындан тышкары, СИП проводунун 2,704 км тартылышы электр тармагындагы туруктуулукту жогорулатууга көмөк көрсөттү.
 
    Ал эми, пландалган 139 трансформатордун 118 даанасына техникалык тейлөө иштери аткарылып, бул багыттагы аракеттер электр энергиясынын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн арттырууга жардам берет.