Таласта энергетикалык 2 объект курулуп, 1 объект реконструкциядан өткөрүлөт
26 Февраль 2026 ж.
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги тарабынан калкты сапаттуу жана туруктуу электр энергиясы менен камсыз кылууга багытталган тапшырманы ишке ашыруунун алкагында быйыл Талас облусунда 3 объект ишке кирет. Аталган объектилердин курулуш жана реконструкция иштери
«КУЭТ» ААКнын өздүк каражаты менен каржыланып, куруу иштери Талас электр тармактар ишканасы тарабынан аткарылат.
1- Темир-бетон буюмдарын чыгаруучу жаңы өндүрүштүк цех курулат. Бул долбоор аймактын энергетика жана курулуш тармактарын өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам болуп саналат.
Өндүрүш объектиси заманбап жабдуулар жана технологиялар менен камсыздалат. Мындан тышкары, жаңы жумуш орундар түзүлүп, жергиликтүү тургундар туруктуу иш менен камсыз болушат. Аны менен катар темир- бетон чыгаруучу цехтен СВ-105, СВ-110 мамычалары өндүрүлүп, алар облус аймагындагы эски мамычаларды алмаштырууга колдонулат.
2- Ошондой эле Айтматов райондук электр тармагынын Абдыкалык Калматов участогунда жаңы административдик имараттын курулушу башталат. Жаңы курула турган объект бир кабаттан туруп, жалпы аянты 238 чарчы метрди түзөт. А.Калматов участогунун 8 кызматкерине ылайыкташтырылып, жасалат.
Учурдагы имарат 1960-жылы курулган жана бүгүнкү күндө заманбап талаптарга жооп бербейт. 2026-жылы коопсуздук жана эмгек шарттары боюнча азыркы стандарттарга жооп берген жаңы имарат куруу пландалууда. Жаңы объект башкаруунун жана тейлөөнүн натыйжалуулугун жогорулатат.
3- Мындан тышкары, Талас электр тармактар ишканасынын аймагында Электр жабдууларын сыноо өтө чыңалуудан коргоо жергиликтүү кызматы, ашыкча чыңалуудан коргоо кызматы, сыноо кызматы жана жогорку чыңалуудагы аба линиялары кызматы жайгашкан имаратка реконструкция иштери жүргүзүлөт.
Жаңылоо иштеринин алкагында имараттын техникалык абалы жакшыртылып, ички жана сырткы бөлмөлөр оңдолуп, инженердик коммуникациялар жаңыланат.
Жогоруда аталган объектилерди куруу жана реконструкциялоо иштери 2026-жылдын март айында башталып, октябрь айында ишке киргизүү пландалууда.