Колл - борбор: 105;

Талас облусуна 70,5 км заманбап СИП кабелдери тартылат

23 Апрель 2026 ж.

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин 2026–2027-жылдардагы күз-кыш мезгилине сапаттуу даярдык көрүү, калкты үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу жана энергетикалык инфраструктураны жаңылоо максатындагы пландарына ылайык, «КУЭТ» ААКнын филиалы – Талас электр тармактар ишканасы 2026-жылы 70,5 чакырым заманбап СИП кабелдерин тартат. Аталган иштер май айынан ноябрь айына чейин жүргүзүлөт.
Бакай-Ата району
* Аба чубалгысы 10 кВ СИП-3 куруу – 100 метр
* Аба чубалгысы 0,4 кВ СИП-2 реконструкциялоо – 10,2 км
Манас району
* Аба чубалгысы 10 кВ СИП-3 куруу – 2,0 км
* Аба чубалгысы 10 кВ СИП-3 реконструкциялоо – 1,2 км
* Аба чубалгысы 0,4 кВ реконструкциялоо – 13,3 км
Айтматов району
* Аба чубалгысы 10 кВ СИП-3 реконструкциялоо – 7,6 км
* Аба чубалгысы 10 кВ СИП-3 куруу – 0,5 км
* Аба чубалгысы 0,4 кВ СИП-2 реконструкциялоо – 16,3 км
Талас шаары
* Аба чубалгысы 10 кВ СИП-3 реконструкциялоо – 7 км
* Аба чубалгысы 0,4 кВ СИП-2 куруу – 0,5 км
Талас району
* Аба чубалгысы 10 кВ СИП-3 реконструкциялоо – 1,8 км
* Аба чубалгысы 10 кВ СИП-3 куруу – 0,5 км
* Аба чубалгысы 0,4 кВ СИП-2 реконструкциялоо – 3,3 км
* Аба чубалгысы 0,4 кВ СИП-2 куруу – 6,2 км пландалган.
Бүгүнкү күндө, Талас электр тармактар ишканасына СИП кабелдери алып келинип, райондук жана шаардык электр тармактарынын тармактарына бөлүштүрүлүүдө.
Бул иштер электр тармагынын ишенимдүүлүгүн жогорулатууга, жоготууларды азайтууга жана калкты үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоону жакшыртууга багытталган. СИП кабелдери электр тармагын заманбап кылып, көптөгөн артыкчылыктарды берет. Алар электр үзгүлтүктөрүн азайтып, коопсуздукту жогорулатат. Ошондой эле авариялык учурлар азайып, электр энергиясынын жоготуусу кыскарат.