Талас райондук электр тармагынын Ж. Акматов бөлүмү 22 даана трансформаторду техникалык тейлөөдөн өткөрдү
22 Апрель 2026 ж.
"Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКнын филиалы Талас электр тармактар ишканасына караштуу Талас райондук электр тармагынын Ж. Акматов бөлүмү тарабынан 2026-жылга карата пландалган иштер этап-этабы менен аткарылууда. Аталган бөлүм Талас районунун Талды-Булак, Каракол жана Ак-Коргон айылдарында жайгашкан электр тармактарын тейлейт.
Атап айтканда, 2026-жылга техникалык тейлөө багытында пландаштырылган 76 трансформатордун, учурда 22 даанасы толугу менен тейлөөдөн өткөрүлдү.
Мындан тышкары, капиталдык оңдоого киргизилген 15 трансформатордун ичинен бүгүнкү күнгө карата 3 трансформатор толук бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди. Калган объекттерде оңдоо иштери активдүү улантылууда.
Жүргүзүлүп жаткан иштер электр жабдууларынын ишенимдүүлүгүн жогорулатууга, авариялык өчүүлөрдүн санын азайтууга жана керектөөчүлөрдү туруктуу электр энергиясы менен камсыз кылууга багытталган.
Талас электр тармактар ишканасы калкты сапаттуу жана үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу боюнча иштерди мындан ары да улантат.