Колл - борбор: 105; 1209;

Талас районунда март айынан баштап 54 даана трансформатор капиталдык оңдоодон өткөрүлөт

27 Февраль 2025 ж.

  2025-жылы Талас районунда электр тармактарын жакшыртуу максатында 54 даана трансформаторду капиталдык оңдооодон өткөрүү жана ошондой эле, 386 даана трансформатор техникалык тейлөө иштерине алынат. Бул иштер «КУЭТ» ААКнын филиалы — Талас электр тармактар ишканасынын Талас райондук электр тармагы тарабынан аткарылат. Күз-кыш мезгилине карата оңдоо иштери март айынан баштап ноябрь айына чейин жүргүзүлөт.
 
   Ошондой эле Талас районунда 3 трансформатордун кубаттулугу жогорулатылып, 1 даанасы 160 кВАдан 250 кВАга, 1 даанасы 160 кВАдан 400 кВАга , 1 даанасы 250 кВАдан 400 кВАга көтөрүлөт.
 
   Мындан тышкары, 10-0,4 кВ аба чубалгысында 142,570 км аба чубалгысы капиталдык оңдоо иштеринен өткөрүү пландалса, 1083,165 км 10-0,4 кВ аба чубалгысында техникалык тейлөө иштери жүргүзүү пландалган.Ошондой эле 2025-жылга Талас району боюнча жалпы 250 даана жаңы мамычалар орнотулса, 200 даана мамыча эски жыгач мамычаларды темир бетон мамычага алмаштыруу иштери аткарылат.
 
   Ал эми Талас районуна пландалган 10 842 даана акылдуу эсептегичтердин бүгүнку күндө 1272 даанасы орнотулду. Акылдуу эсептегичтер электр энергиясын колдонуу боюнча так маалыматтар алууга жана чыгымдарды башкарууга жардам берет.
 
    Бул кадамдар Талас районунун электр энергиясын туруктуу жана сапаттуу жеткирүү үчүн маанилүү кадам болуп саналат.