Талас районунда керектөчүлөрдү үзгүлтүксүз жана сапаттуу электр энергиясы менен камсыз кылуу максатында Талас электр тармактар ишканасынын Талас РЭТинин кызматкерлери тарабынан пландуу капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлдү.
Анын алкагында Чат-Базар барчасы Кеңеш айылында жайгашкан №612 трансформаторунда жана Акматов барчасы Талды-Булак айылындагы №297 трансформаторунда капиталдык оңдоо иштерин аткарууда.
Оңдоо иштеринин жүрүшүндө жабдуулардын техникалык абалы текшерилип, эскилиги жеткен тетиктер алмаштырылды. Натыйжада электр менен камсыздоонун ишенимдүүлүгү жогорулап, авариялык өчүрүүлөрдүн тобокелдиги азаят.
«КУЭТ» ААКнын филиалы - Талас электр тармактар ишканасы электр тармактарын оңдоо жана жаңылоо иштерин бекитилген планга ылайык улантып, калкты сапаттуу жана туруктуу электр энергиясы менен камсыз кылуу багытында иш алып барууда.