Талас районунда 35 даана трансформатор капиталдык оңдоо иштеринен өткөрүлдү
25 Август 2025 ж.
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги тарабынан жүргүзүлүп жаткан реформалардын алкагында 2025-жылы Талас районунда электр тармактарын модернизациялоо жана күз-кыш мезгилине даярдык көрүү иштеринин алкагында бир катар иштер аткарылууда. Бул иштер «КУЭТ» ААКнын филиалы – Талас электр тармактар ишканасынын Талас райондук электр тармагы тарабынан ишке ашырылууда.
Талас району боюнча жалпы 54 даана трансформаторду капиталдык оңдоодон өткөрүү пландалган, анын ичинен 35 даанасы бүткөрүлдү.
* 386 даана трансформатор техникалык тейлөөгө алынат, анын ичинен 224 даанасы тейлөөдөн өттү.
* 3 даана трансформатордун кубаттуулугу жогорулатылууда:
* 1 даанасы 160 кВАдан 250 кВАга жогорулатылды,
* 1 даанасы 160 кВАдан 400 кВАга алмаштырылды,
* Дагы 1 даанасын 250 кВАдан 400 кВАга көтөрүү пландалууда.
Ал эми, 10-0,4 кВ аба чубалгысында 142,570 км аралык капиталдык оңдоого пландалган.
* Ошондой эле, 1083,165 км чубалгы техникалык тейлөөдөн өткөрүлмөкчү, анын ичинен 94,4 км иштери бүткөрүлдү.
* Жалпы 250 даана жаңы электр мамычаларын орнотуу пландалса, учурда 75 даанасы орнотулду.
* 200 даана эски жыгач мамычаларды темир-бетон мамычага алмаштыруу иштери каралган, анын ичинен 90 даанасы алмаштырылды.
Ошондой эле акылдуу эсептегичтерди орнотуу иштеринин алкагында 2025-жыл ичинде Талас району боюнча жалпы 10 842 даана акылдуу эсептегич орнотуу пландалган. Бүгүнкү күндө алардын 7018 даанасы орнотулду.
Бул иштер 2025-жылдын март айынан тартып ноябрь айына чейин жүргүзүлүп, райондун энергетикалык инфраструктурасын жакшыртууга жана калкты туруктуу электр энергиясы менен камсыз кылууга багытталган.
Электр энергиясына байланыштуу бардык суроолоруңуз боюнча күнү-түнү иштеген чалуу борборуна кайрылыңыз:
105, 1209
+996 772 001209
+996 556 001209
+996 702 001209 (WhatsApp)