Колл - борбор: 105; 1209;

Талас районунда 13,2 км 0,4 кВ аба чубалгысына реконструкциялоо иши жүргүзүлөт


10 Май 2024 ж.
 
    2024-жылга карата Талас РЭТиндеги 10 кВ аба чубалгысынын жалпы узундугу 805,23 км түзөт. Анын ичинен 102,6 км аба чубалгысы капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, 526,49 км аба чубалгысына техникалык тейлөө иштери аткарылат. Ошондой эле, 0,42 км аба чубалгысына реконструкциялоо иштери аткарылып, 13 даана жыгач мамыча темир бетон мамычаларга алмаштыруу иштери жүргүзүлөт.
 
   Мындан тышкары, 0,4 кВ аба чубалгысы жалпы узундугу 665,21 км түзөт. Анын ичинен 459,79 км аба чубалгысы техникалык тейлөөдөн өтөт. Ал эми, 13,2 км аба чубалгысына реконструкциялоо иши жүргүзүлүп СИП-2 кабельге алмаштырылып, 376 даана жыгач мамыча темир бетон мамычаларга алмаштырылат. Жалпысынан 2024-жылы Талас району боюнча 389 даана жыгач мамычалар темир бетон мамычага алмаштырылат.
 
   Талас РЭТинин тейлөөсүндө 10/0,4 кВ 482 даана трансформатор бар. Алардын ичинен 62 даана трансформатор капиталдык оңдоодон, 386 даанасы техникалык тейлөөдөн өткөрүлөт.
 
   Ошондой эле, 1 даана трансформатор 100 кВА ден-160 кВА кубаттуулугу алмаштыруу иштери жүрөт.
 
  Электр энергиясы менен камсыздоо боюнча бардык суроолор боюнча колл-борборго кайрылыңыз
Колл-борбору : 105; 1209
Beeline: +996 772 001 209
MegaCom: +996 556 001 209
O! : +996 702 001 209
 
 
 
 

ттаап Талаааа талаа