Колл - борбор: 105;

Талас электр тармактар ишканасында Нооруз майрамы салтанаттуу белгиленди

19 Март 2026 ж.

Талас электр тармактар ишканасында Нооруз майрамы салтанаттуу белгиленди. Майрамдын алкагында кызматкерлер улуттук кийимдерди кийишип, ыр-бий тартуулап, улуттук даамдардан дасторкон жайышты.

 

Ошондой эле ар кандай улуттук оюндар уюштурулуп, алардын катарында аркан тартыш, волейбол, футбол жана чуркоо мелдештери өткөрүлдү. Катышуучулар активдүү оюн көрсөтүп, жеңүүчүлөр байгелүү орундар менен сыйланышты.

 

Бул иш-чара жамааттын биримдигин чыңдап, улуттук салттарды даңазалаган шаңдуу майрам болуп өттү.