22-декабрь — Энергетиктердин кесиптик майрамы Талас электр тармактар ишканасында кеңири белгиленип, иш-чарага кызматкерлер жана расмий меймандар катышты.
Салтанаттын жүрүшүндө көп жылдык ак ниет эмгеги менен тармактын өнүгүшүнө салым кошкон кызматкерлерге «Ардак грамоталар», «Ыраазычылык каттар» жана сыйлыктар тапшырылды.
Сыйлык тапшыруу аземине Энергетика министрлигинин жана «КУЭТ» ААКсынын атынан Капиталдык курулуш жана инвестициялар боюнча башкы директордун орун басары Искандер Адиев куттуктоо айтып, ардак грамоталарды тапшырды.
Ошондой эле, кызматкерлерге Талас облусунун ыйгарым укуктуу өкүлчүлү, Талас шаарынын мэри, Энергетикалык көзөмөл боюнча кызматты, Чакан ГЭС ААКсы, Алтын Альянс компаниясы жана Капар Медетбеков атындагы драма театры тарабынан да сыйлыктар ыйгарылды.
Иш-чара жылуу маанайда өтүп жана кесиптештердин куттуктоолору менен коштолду.