Кеңешмеге Талас ЭТИнин кызмат жана бөлүм башчылары, Талас шаардык электр тармагынын жана райондук электр тармактарынын жетекчилери, башкы инженерлери жана тиешелүү кызматкерлер катышты.
* Талас ЭТИнин №243 буйругунун негизинде электр мамыларына интернет тейлөөчүлөр тарабынан илинген була-оптикалык кабелдердин асмаларын инвентаризациялоонун жыйынтыктары;
* «КУЭТ» бөлүштүрүү электр тармактары кызматы тарабынан жүргүзүлгөн пландык текшерүүнүн жыйынтыктары жана аны аткаруу боюнча иштер;
* Кыргыз Республикасынын Энергетикалык көзөмөл кызматынын талаптарын аткаруу максатында жол боюндагы электр жабдууларына жүргүзүлүүчү текшерүүлөр;
* Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Э.Д. Жумаевдин эл менен жолугушуусунда көтөрүлгөн электр тармактарына тиешелүү маселелер;
* Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгын белгилөөнүн алкагында ачылышы пландалган объекттер боюнча даярдык көрүү, иш-чараларды уюштуруу жана жооптуу кызматкерлерди дайындоо.