Колл - борбор: 105;

Талас электр тармактар ишканасында “Техникалык коопсуздук күнү” өткөрүлүүдө

19 Май 2026 ж.

Бүгүн, 19-май күнү, Талас электр тармактар ишканасынын Ишенимдүүлүк жана техникалык коопсуздук кызматы тарабынан райондук жана шаардык электр тармактарынын, ошондой эле өндүрүштүк кызматтардын кызматкерлери үчүн “Техникалык коопсуздук күнү” иш-чарасы өткөрүлүүдө.
Иш-чаранын негизги максаты — кызматкерлердин эмгекти коргоо, техникалык коопсуздук жана өндүрүштөгү коопсуз иш алып баруу боюнча билимдерин бекемдөө, ошондой эле кырсыктардын жана өндүрүштүк тобокелчиликтердин алдын алуу болуп саналат.
“Техникалык коопсуздук күнү” алкагында төмөнкү багыттар боюнча иштер жүргүзүлүүдө:
* техникалык коопсуздук эрежелерин эске салуу;
* жумуш орундарындагы коопсуздук талаптарын текшерүү;
* коргоочу каражаттардын туура колдонулушун көзөмөлдөө;
* кызматкерлер менен түшүндүрүү жана нускама иштерин өткөрүү;
* авариялык кырдаалдарга даярдык боюнча практикалык машыгуулар.
Мындай иш-чаралар электр энергиясын үзгүлтүксүз жана коопсуз жеткирүүнү камсыз кылууда кызматкерлердин жоопкерчилигин арттырып, өндүрүштүк тартипти чыңдоого өбөлгө түзөт.
Талас электр тармактар ишканасы эмгекти коргоо жана техникалык коопсуздук талаптарын сактоо — ар бир кызматкердин негизги милдети экенин белгилеп, коопсуздук маданиятын өнүктүрүү багытындагы иштерди мындан ары да улантат.