Колл - борбор: 105; 1209;

Талас электр тармактар ишканасында кызматкерлер менен иштөө күнү өткөрүлдү

14 Октябрь 2025 ж.

Бүгүн, 14-октябрь күнү «КУЭТ» ААКнын филиалы — Талас электр тармактар ишканасынын Көмөк чордон кызматынын кызматкерлеринин катышуусунда, кызматкерлер менен иштөө күнү өткөрүлдү.
Иш-чаранын алкагында көмөк чордондо иштеген кызматкерлерге техникалык коопсуздукту сактоо жана авариялык кырдаалдарда иштөө эрежелери боюнча окутуу жүргүзүлдү. Кызматкерлердин суроолоруна жооп берүү менен, коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча кеңештер берилди.
Кызматкерлер менен иштөө күнү ар бир айдын экинчи шейшембисинде өткөрүлүп, ушул күнү персонал бардык пландаштырылган иштерди аткаруудан бошотулат, авариялык кырдаалдардан тышкары. Бул иш-чаранын натыйжалары ар бир структуралык бөлүмдүн инструктаж журналы менен иштөө, өрттөн жана аварияны алдын алуу иштери каралып жана ошондой эле манекендерде жана полигонотогу машыгуулар жүргүзүлгөн окуу-тажрыйба иштери уюштурулуп турат.