ТАЛАС ЭЛЕКТР ТАРМАКТАР ИШКАНАСЫНДА КҮЗ-КЫШ МЕЗГИЛИНЕ ДАЯРДЫК БОЮНЧА ТЕКШЕРҮҮ ЖҮРГҮЗҮЛДҮ
14 Октябрь 2026 ж.
Октябрь айында «КУЭТ» ААКнын филиалы — Талас электр тармактар ишканасында 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык иштеринин жүрүшүн текшерүү максатында тиешелүү комиссия тарабынан текшерүү жүргүзүлдү.
Текшерүүнүн жүрүшүндө Талас электр тармактар ишканасынын райондук жана шаардык электр тармактарынын, көмөк чордондордун, трансформатордук көмөк чордондордун, электр берүүчү аба чубалгыларынын жана башка электр жабдууларынын күз-кыш мезгилине даярдыгы каралды.
Ошондой эле аткарылган оңдоо жана техникалык тейлөө иштеринин сапаты, электр жабдууларынын техникалык абалы, авариялык кырдаалдарга даярдык жана керектүү материалдык-техникалык каражаттардын камсыздалышы текшерилди.
Талас электр тармактар ишканасы тарабынан электр тармактарынын ишенимдүүлүгүн жогорулатуу жана күз-кыш мезгилинде керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу боюнча иштер улантылууда.
Талас электр тармактар ишканасынын карамагында 4 райондук жана 1 шаардык электр тармагы иш алып барып, Талас облусундагы керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен камсыз кылуу боюнча тиешелүү иштерди жүргүзөт.
Учурда ишкана тарабынан жалпы 56 537 абонент тейленет. Алардын 53 357си — тиричилик абоненттери, ал эми 3 180и — тиричиликке кирбеген абоненттер.