Колл - борбор: 105;

Талас электр тармактар ишканасында ишембилик өткөрүлдү

4 Апрель 2026 ж.

«КУЭТ» ААКнын филиалы - Талас электр тармактар ишканасында ишембилик уюштурулуп, кызматкерлер активдүү катышты. Иш-чаранын негизги максаты – ишкананын аймагын тазалоо жана айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү.
Ишембиликтин жүрүшүндө кызматкерлер жашылдандыруу иштерине өзгөчө көңүл бурулуп, бак-дарактар отургузулуп, айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү боюнча иштер жүргүзүлдү.
Мындай иш-чаралар жамааттын биримдигин чыңдап, кызматкерлердин жоопкерчилигин арттырууга өбөлгө түзөт. Талас электр тармактар ишканасы мындан ары да айлана-чөйрөнү коргоо жана иш ордунда тартипти сактоо багытындагы иш-чараларды улантат.