Колл - борбор: 105;

Талас электр тармактары ишканасында “Ачык эшиктер күнү” өткөрүлдү

3 Июнь 2026 ж.

Талас электр тармактары ишканасында студенттер үчүн “Ачык эшиктер күнү” иш-чарасы уюштурулду. Анын негизги максаты жаштарды энергетика тармагынын ишмердүүлүгү менен тааныштыруу, кесиптик багыт берүүгө көмөк көрсөтүү жана тармакка болгон кызыгуусун арттыруу болду.
Иш-чарага Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети алдындагы Маалыматтык технологиялар, техника жана экономика колледжинин, ошондой эле Талас агрардык-экономикалык колледжинин студенттери катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө студенттер ишкананын түзүмү, электр энергиясын бөлүштүрүү жана тейлөө процесстери тууралуу кеңири маалымат алышты. Ошондой эле тармактын адистери электр тармагындагы коопсуздук эрежелери, заманбап технологиялар жана энергетика тармагындагы кесиптер жөнүндө кеңири баяндама жасап беришти.
Практикалык бөлүктө катышуучулар ишкананын өндүрүштүк объектилерин көрүп чыгышып, адистер менен түз баарлашууга мүмкүнчүлүк алышты. Студенттер өздөрүн кызыктырган суроолорун берип, келечектеги кесиптик ишмердүүлүк боюнча пайдалуу маалыматтарга ээ болушту.
Мындай иш-чаралар жаштарды колдоого, келечектеги квалификациялуу адистерди даярдоого жана билим берүү мекемелери менен өндүрүштүн ортосундагы байланышты чыңдоого багытталган. Талас электр тармактары ишканасы бул багыттагы иштерин мындан ары да улантат.