Колл - борбор: 105; 1209;

Талас электр тармактар ишканасында техникалык коопсуздук боюнча жыйын өттү

18 Сентябрь 2025 ж.

Бүгүн, 18-сентябрь күнү «КУЭТ» ААКнын филиалы — Талас электр тармактар ишканасынын жыйындар залында жумуш учурунда коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча жыйын болуп өттү.
Иш-чарада негизги басым коопсуз иш шарттарын камсыздоого жана техникалык коопсуздукту сактоого багытталды.
Жыйынга ишкананын башкы инженери Дурусбек Рахманов, «КУЭТ» ААКнын Ишенимдүүлүк жана техникалык коопсуздук кызматынын жетектөөчү инженери Кокумбек уулу Самат, Талас ЭТИнин башкы инженеринин орун басары Нурлан Сатыбалдиев, жана ошондой эле райондук жана шаардык электр тармактарынын жетекчилери, башкы инженерлери жана бөлүм башчылары катышышты.
Жыйындын жүрүшүндө коопсуздук эрежелери, тиешелүү иш-кагаздарын так жүргүзүү, талаптардын сакталышы жана иш учурунда жаралуучу тобокелдиктерди азайтуу боюнча маселелер каралды. Катышуучулар өз суроолоруна жооп алышып, практикалык сунуштар менен бөлүшүштү.