Колл - борбор: 105; 1209;

Талас электр тармактар ишканасында коомдук угуу өттү

24 Июнь 2025 ж.

2025-жылдын 24-июнунда “КУЭТ” ААКнын филиалы – Талас электр тармактар ишканасынын актылар залында «Электроэнергетикалык тармакты модернизациялоо жана туруктуу өнүктүрүү» долбоорунун алкагында коомдук угуу болуп өттү.
Иш-чарага шаар жана райондордун тургундары, Талас электр тармактары ишканасынын энергетиктери катышты. Талкууда энергетика тармагында акыркы жылдары жүрүп жаткан реформалар тууралуу кеңири маалымат берилип, долбоордун алкагында бир катар энергосекторлор жаңыланып, калк сапаттуу жана туруктуу электр энергиясы менен камсыз болуп жатканы белгиленди.
Мындан тышкары, жыйын учурунда бөлүштүрүүчү тармактарды реконструкциялоо жана модернизациялоо, санариптештирүү, социалдык коргоо системаларын чыңдоо жана экологиялык коопсуздук маселелери да каралды.
📍 Бул долбоор Энергетика министрлиги тарабынан "КУЭТ" ААК аркылуу ишке ашырылып жатат. Ал 2023-жылы башталып, 2028-жылга чейин уланат.
Урматтуу абоненттер!
📢💡🏗 Эгерде сиздерде «Электроэнергетикалык тармакты модернизациялоо жана туруктуу өнүктүрүү» долбоорун ишке ашыруу боюнча сунуштар же суроолоруңуздар болсо, төмөнкү байланыш каражаттары аркылуу кайрылыңыздар:
📧 [pmo.kgz@gmail.com]
📞 +996 771 661 223