Кеңешмеге ишкананын кызмат жана бөлүм башчылары, райондук электр тармактарынын жетекчилери, башкы инженерлер жана алардын орун басарлары катышты.
Күн тартибинде төмөнкү 5 негизги маселе каралды:
1. 2025-жылдын 7 айында аткарылган оңдоо иштери жана 2025–2026-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык;
2. Капиталдык салымдар — курулуш, реконструкция жана модернизация иштеринин жүрүшү;
3. Электр энергиясын сатуу боюнча 7 айлык жыйынтык;
4. Ишенимдүүлүк жана техникалык коопсуздук маселелери: 10–500 кВ линияларындагы авариялар жана 10/0,4 кВ көмөк чордондорунун абалы;
5. 2026-жылга карата пландалган иш-мерчемдер.
Ошондой эле ишкананын директору Акылбек Султанов өз сөзүндө күз-кыш мезгилине карата даярдык иштерин өз убагында жана сапаттуу аткаруунун, ошондой эле техникалык коопсуздукту сактап иш алып баруунун маанилүүлүгүн белгиледи.