Колл - борбор: 105; 1209;

Талас электр тармактар ишканасында “Кондиционерсиз күн” акциясы өтүүдө

29 Август 2025 ж.

2025-жылдын 29-августунда «КУЭТ» ААКнын филиалы — Талас электр тармактар ишканасында “Кондиционерсиз күн” аттуу акциясы өткөрүлүүдө.
Бул иш-чара «КУЭТ» ААК тарабынан энергияны үнөмдөө жана экологиялык жоопкерчилик маданиятын жогорулатуу максатында уюштурулган.
Ишкананын бардык бөлүмдөрү жана кызматкерлери акцияны колдоп, ушул күнү кондиционерлерди убактылуу өчүрүү менен энергияны үнөмдөөгө өз салымын кошууда.
Акциянын максаты — энергияны туура пайдалануунун маанисин көрсөтүп, жаратылышты сактоого жарандык жоопкерчиликти арттыруу.