Талас электр тармактар ишканасынын трансформатор оңдоочу жайында электр жабдууларын күз-кыш мезгилине даярдоо максатында пландуу оңдоо иштери жүргүзүлүүдө.
2026-жылга карата 72 даана трансформаторду оңдоо планы бекитилген. Бүгүнкү күндө анын 24 даанасы оңдолуп, план 33 пайызга аткарылды.
Трансформаторлорду өз убагында оңдоо электр жабдууларынын ишенимдүүлүгүн жогорулатууга, авариялык өчүрүүлөрдүн алдын алууга жана керектөөчүлөрдү сапаттуу электр энергиясы менен камсыздоого шарт түзөт.
Талас электр тармактар ишканасы тарабынан планда каралган иштер белгиленген мөөнөттө аткарылып, электр тармактарынын туруктуу иштешин камсыздоо боюнча иштер улантылууда.