Талас электр тармактар ишканасында «Нооруз-2025» майрамы кеңири белгиленди
11 Апрель 2025 ж.
«КУЭТ» ААКнын филиалы — Талас электр тармактар ишканасында улуттук жаңылануу майрамы Нооруз-2025 салтанаттуу түрдө белгиленди.
Иш-чаранын алкагында улуттук кийимдер жана тамак-аштар көргөзмөсү уюштурулуп, кызматкерлер кыргыз элинин маданиятын, салт-санаасын даңазалашты.
Майрамдык маанайды күчөтүү максатында энергетик айымдар жана мырзалар арасында спорттук мелдештер — футбол, волейбол, чуркоо жана аркан тартыш боюнча таймаштар өткөрүлдү.
Бул майрам кызматкерлердин ынтымагын чыңдап, биримдик, салт жана сергек жашоо образын колдоо багытында өзгөчө мааниге ээ болду.
Нооруз — жаңылануунун, берекенин жана ынтымактын майрамы.