Колл - борбор: 105;

Талас электр тармактар ишканасында кызматкерлери үчүн коррупцияга каршы иш-чара өткөрүлдү

18 Март 2026 ж.

Жыйындын негизги максаты — коррупцияга каршы пропаганда жүргүзүү, тиешелүү стандарттарды жайылтуу жана коомдо коррупцияга каршы маданиятты калыптандыруу болуп саналат.
Иш-чаранын жүрүшүндө кызматкерлерге мамлекеттик программанын негизги багыттары, ачык-айкындуулук, ак ниеттүүлүк жана кызматтык милдеттерди аткарууда жоопкерчилик тууралуу маалыматтар берилди. Ошондой эле коррупциялык укук бузуулардын алдын алуу, кызматкерлердин укуктук билимин жогорулатуу жана жамаат ичинде этикалык нормаларды чыңдоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Жыйын Талас электр тармактар ишканасынын жыйындар залында өтүп, кызматкерлер арасында коррупцияга каршы туруктуу түшүнүктү калыптандырууда маанилүү кадам болду.