Колл - борбор: 105;

Талас ЭТИде райондук электр тармактарынын барчаларынын башчылары, устаттар, иш жүргүзүүчүлөр жана жооптуу адистер менен кеңейтилген семинар-кеңешме өткөрүлдү

3 Март 2026 ж.

2–3-мартта ишкананын жыйындар залында райондук электр тармактарынын барчаларынын башчылары, устаттар, иш жүргүзүүчүлөр жана жооптуу адистер менен кеңейтилген семинар-кеңешме өткөрүлдү. Иш-чарага структуралык бөлүмдөрдүн жетекчилери жана адистери, райондук электр тармактардын, техникалык жана өндүрүштүк кызматтардын өкүлдөрү катышты.
Кеңешменин жүрүшүндө төмөнкү маселелер каралды:
• Оңдоо иштерин жүргүзүүдө эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасын сактоо;
* жабдууларды эксплуатациялоо жана оңдоо иштерин уюштуруу;
* 2026-жылдагы оңдоо кампаниясынын приоритеттүү тапшырмалары;
* оңдоодон кийин жабдууларды кабыл алуу шарттары;
* техникалык жана өндүрүштүк отчетторду түзүү талаптары.
Өзгөчө көңүл коопсуздук жана эмгекти коргоо маселелерине бурулду. Катышуучулар төмөнкүлөрдү талкуулашты:
* көмөк чордондо, аба жана кабель линияларынын 0,4–500 кВт чыңалуудагы электр орнотмолорунда коопсуз өндүрүштү уюштуруу;
* 2025-жылдагы кырсыктарды талдоо;
* оңдоо иштерин жүргүзүүдө сыноо нормаларын сактоо;
* бригадалардын керектүү куралдар, шаймандар жана өлчөө приборлору менен камсыз болушу;
* көмөк чордондо оперативдүү которууларды жүргүзүү тартиби;
* Билдирмелерди толтуруу жана которуу типтеги бланктарды түзүү эрежелери.
Өзгөчө блок катары МСФО талаптарына ылайык материалдык отчетторду туура түзүү жана товардык-мүлк баалуулуктары тууралуу маселелери каралды.
Практикалык бөлүк ичинде катышуучулар 110/35/10 кВ «Талас», 220/110/10 кВ «Семетей» үлгүлүү көмөк чордорго жана 10/0,4 кВ көмөк чордондорго барышты. Адистер жабдууларды эксплуатациялоо, Талас ЭТИнин техникалык документтерин жүргүзүү менен таанышып, аймактагы электр энергиясын камсыздоонун туруктуулугун жогорулатууга багытталган практикалык тажрыйбаларын бөлүшүштү.
Жыйындын соңунда талкуу болуп, катышуучулар актуалдуу суроолорго жооп алышып, өндүрүш процессин андан ары өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгышты.