2025-жылдын 13-февраль күнү Талас электр тармактар ишканасынын базасында «Улуттук дем - дүйнөлүк бийиктик» уңгужолун тааныштыруу боюнча жыйын өткөрүлдү. Жыйынга Талас электр тармактар ишканасынын директору Акылбек Султанов, башкы инженер Дурусбек Рахманов жана кызматкерлер катышышты.
Жыйындын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы ПЖ №369 Жарлыгы менен бекитилген «Улуттук дем - дүйнөлүк бийиктик» уңгужолун тааныштыруу жана уңгужолдун негизги принциптери жана анын Талас электр тармактар ишканасынын ишмердүүлүгүнө тийгизе турган таасирин кароо маселеси каралды.
Жыйындын төрагасы Акылбек Султанов катышуучуларга Президенттин Жарлыгы жана анын мааниси тууралуу кенен маалымат берди. Ал улуттук баалуулуктарды сактоо, элдин биримдигин бекемдөө жана өлкөнү өнүктүрүү үчүн иштелип чыккан концепция экенин белгилет өттү. Ошондой эле, ал Талас электр тармактар ишканасынын түзүмдүк кызматтарынын, бөлүмдөрүнүн башчыларына жана шаардык, райондук электр тармактарынын башчыларына Жарлыктын негизги мазмунун жана маанисин кызматкерлерге толук жеткирүү керектигин билдирди.