Колл - борбор: 105; 1209;

Талас облусунда 10 401 даана акылдуу эсептегич орнотуу иштери аяктады

24 Апрель 2025 ж.

«КУЭТ» ААКнын филиалы — Талас электр тармактар ишканасы тарабынан 2025-жылдын ичинде Талас облусунун төрт районунда акылдуу эсептегичтерди орнотуу иштери активдүү жүргүзүлүп жатат. Бүгүнкү күнгө карата жалпы 10 401 даана акылдуу эсептегич орнотулду.
 
 Район боюнча жыйынтыктар:
- Талас району — 3 320 даана
- Манас району — 1 250 даана
- Бакай-Ата району — 2 884 даана
- Айтматов району — 2 947 даана
2025-жылдын аягына чейин облус боюнча жалпы 36 742 даана акылдуу эсептегич орнотуу пландалууда:
- Талас району — 10 842 даана
- Манас району — 5 600 даана
- Бакай-Ата району — 7 800 даана
- Айтматов району — 12 500 даана
Акылдуу эсептегичтерди орнотуу төмөнкүдөй артыкчылыктарды берет:
- Электр энергиясын так эсепке алуу
- Төлөмдөрдүн ачык-айкындыгы
- Жоготууларды жана бузулууларды ыкчам аныктоо
- Абоненттерге кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу
Бул долбоор Талас облусундагы электр тармактарын модернизациялоонун маанилүү бөлүгү болуп саналат жана тургундарды ишенимдүү, коопсуз жана натыйжалуу электр энергиясы менен камсыздоого багытталган.