Талас облусунда 1600 фарфор изолятор айнек изоляторго алмаштырылды
22 Август 2025 ж.
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги тарабынан ишке ашырылып жаткан реформалардын алкагында, «КУЭТ» ААКнын филиалы — Талас электр тармактар ишканасы электр энергиясын жеткирүү линияларын жаңылоону улантып, аймактагы энергетикалык коопсуздукту жана ишенимдүүлүктү жогорулатуу боюнча иштерди активдүү жүргүзүүдө.
35 кВ аба чубалгыларындагы изоляторлорду алмаштыруу программасынын алкагында жалпы 3300 даана фарфор изоляторду сырттан келген таасирлерге туруктуу, сапаттуу айнек изоляторлорго алмаштыруу пландалган. Бүгүнкү күндө 1600 изолятор алмаштырылды.
Мындан тышкары төмөнкү иштер жүргүзүлүүдө:
- Мамычалардын үстүңкү бөлүктөрүн жана туташтыруучу элементтерди текшерүү;
- Аба чубалгыларынын трассаларын тазалоо, бак-дарак жана бадалдарды бутоо.
Ошондой эле, 2025-жылдын июнь айында 110 кВ «Семетей – Победа» аба чубалгысында капиталдык курулуш иштери башталган. Анын алкагында узундугу 47,06 км болгон тилкеде зымдарды, изоляторлорду жана сцепная арматураны алмаштыруу иштери жүргүзүлүүдө. Бүгүнкү күндө анын 29 чакырымы жаңыланды. Ошондой эле, жогорку чыңалуудагы аба чубалгыларында термографиялык изилдөөлөр жана техникалык кароолор өткөрүлдү.
Бардык модернизациялык иштерди 2025-жылдын ноябрь айына чейин бүтүрүү пландалууда. Бул долбоордун ишке ашырылышы Талас облусунун керектөөчүлөрүн электр энергиясы менен туруктуу жана коопсуз камсыздоого өбөлгө болот.
Электр энергиясы менен камсыздоо боюнча чалуу-борборуна төмөндөгү номерлерге кайрылыңыз. 105, 1209, 0772 00 1209,0556 00 1209
0702 00 1209 (WhatsApp).