Талас облусунда 604 фарфор изолятору айнек изоляторлорго алмаштырылды
22 Май 2025 ж.
Талас электр тармактар ишканасы 2025-жылдын март айынан бери электр тармактарын жаңыртуу жана коопсуздукту жогорулатуу максатында бир катар иштерди жүргүзүп келет. Алардын алкагында 35 кВ аба чубалгы линияларында 3300 фарфор изоляторун айнек изоляторлорго алмаштыруу пландалган. Бүгүнкү күндө алардын ичинен 604 даанасы ийгиликтүү алмаштырылды.
Мындан тышкары, жогорку чыңалуудагы линияларда опорлордун үстүнөн текшерүү жана байланыш туташтырмаларын кароо, ошондой эле трассаларды тазалоо, бактарды кыркуу иштери жүргүзүлүүдө.
Июнь айында 110кВ аба чубалгысында «Семетей-Победа» линиясынын проводун алмаштыруу, жогорку чыңалуудагы линиялардын үзгүлтүксүз текшерүүлөрү жана термографиялык изилдөөлөрдү жүргүзүү пландалууда.
Бул иштердин бардыгы аймактагы электр энергиясынын коопсуздугун жана ишенимдүүлүгүн жогорулатууга багытталган. Жумуштар 2025-жылдын ноябрь айына чейин толук аякташы күтүлүүдө.