Колл - борбор: 105;

Талас облусунда “Жашыл мурас” өнөктүгүнүн алкагында 100 гектар аянтка бак-дарак отургузулду

29 Апрель 2026 ж.

2026-жылдын 29-апрелинде Талас облусунун Талас районуна караштуу Талды-Булак айылынын Чоң-Кошой өзөнүндө “Жашыл мурас” улуттук өнөктүгүнүн алкагында кеңири масштабдагы бак-дарак отургузуу иш-чарасы өткөрүлдү.
Аталган иш-чаранын алкагында жалпы 100 гектар аянтка ийне жалбырактуу дарактардын көчөттөрү отургузулду. Иш-чара уюшкандыкта өтүп, көчөт отургузуу алдында коопсуздук эрежелери боюнча нускамалар берилди жана тиешелүү шарттар түзүлдү.
Экологияны коргоо жана жашыл аймактарды кеңейтүү максатын көздөгөн бул демилге аймактын экологиялык абалын жакшыртууга жана келечек муундар үчүн таза жаратылышты сактоого багытталган.
Белгилей кетсек, иш-чарага «КУЭТ» ААКнын филиалы-Талас электр тармактар ишканасынын 30 кызматкери активдүү катышты.