Колл - борбор: 105;

Талас облусунда 1158 даана темир-бетон мамыча орнотулат

12 Март 2026 ж.

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин тапшырмасына ылайык, электр тармактарынын ишенимдүүлүгүн жогорулатуу жана калкты сапаттуу электр энергиясы менен камсыз кылуу максатында «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК филиалы - Талас электр тармактар ишканасы тарабынан 2026-жылдын март айынан ноябрь айына чейин Талас облусуна жалпысынан 1158 даана темир-бетон мамыча орнотуу иштери пландалууда.
Бул иштер 0,4-10 кВ аба чубалгыларын куруу жана реконструкциялоо алкагында жүргүзүлөт.
Райондор боюнча бөлүштүргөндө:
• Бакай-Ата району – жалпы 257 даана.
Анын ичинен 10 кВ аба чубалгысын куруу иштеринин алкагында 7 даана жаңы мамыча орнотулуп, 0,4-10 кВ аба чубалгыларын реконструкциялоо иштеринде 250 даана мамыча алмаштырылат.
• Манас району – жалпы 228 даана.
Анын ичинен 10 кВ аба чубалгысын куруу иштеринин алкагында 65 даана жаңы мамыча орнотулуп, 0,4-10 кВ аба чубалгыларын реконструкциялоо иштеринде 163 даана мамыча алмаштырылат.
• Айтматов району – жалпы 316 даана.
Анын ичинен 10 кВ аба чубалгысын куруу иштеринин алкагында 12 даана жаңы мамыча орнотулуп, 0,4-10 кВ аба чубалгыларын реконструкциялоо иштеринде 304 даана мамыча алмаштырылат.
• Талас району – жалпы 302 даана.
Анын ичинен 0,4-10 кВ аба чубалгысын куруу иштеринин алкагында 164 даана жаңы мамыча орнотулуп, реконструкциялоо иштеринде 138 даана мамыча алмаштырылат.
• Талас шаары – жалпы 55 даана.
Анын ичинен 0,4 кВ аба чубалгысын куруу иштеринин алкагында 17 даана жаңы мамыча орнотулуп, 10 кВ аба чубалгысын реконструкциялоо иштеринде 38 даана мамыча алмаштырылат.