Колл - борбор: 105; 1209;

Талас облусунда 21 миңден ашуун «акылдуу» эсептегич орнотулду

15 Июль 2025 ж.

Энергетика министрлиги жүргүзүп жаткан реформанын алкагында «КУЭТ» ААКнын филиалы — Талас электр тармактар ишканасы Талас облусунун аймагында электр энергиясын автоматташтырылган эсепке алуу системасын киргизүү боюнча иштерди улантууда.
Бүгүнкү күндө облустун төрт районунда — Айтматов, Манас, Бакай-Ата жана Талас райондорунда — пландалган 35 688 даана акылдуу эсептегичтин ичинен 21 370 даанасы орнотулуп бүттү.
Бакай-Ата району
Пландалган 7 800 даана эсептегичтин ичинен — 5 981 даанасы орнотулду.
Айтматов району
11 360 даана эсептегич пландалып, анын 6 098 даанасы орнотулду.
Талас району
11 328 даана эсептегичтин ичинен — 6 586 даанасы ийгиликтүү орнотулду.
Манас району
5 200 даананын ичинен — 2 705 даанасы туташтырылды.
Акылдуу эсептегичтерди орнотуу иштери этап-этабы менен уланууда. Жаңы эсептегичтер электр энергиясын так эсептөөгө, бузулууларды өз убагында аныктоого, жоготууларды кыскартууга жана керектөөчүлөр үчүн төлөм процесстерин жөнөкөйлөтүүгө жардам берет.