Колл - борбор: 105;

Талас облусунда 35 600 даана «акылдуу»эсептегич орнотулду

15 Январь 2026 ж.

Энергетика министрлиги жүргүзүп жаткан реформанын алкагында «КУЭТ» ААКнын филиалы — Талас электр тармактар ишканасы Талас облусунун аймагында электр энергиясын автоматташтырылган эсепке алуу системасын киргизүү боюнча иштерди улантууда.
Бүгүнкү күндө облустун төрт районунда — Айтматов, Манас, Бакай-Ата жана Талас райондорунда — пландалган 35 600 даана акылдуу эсептегич толугу менен орнотулуп бүттү. Жалпы акылдуу эсептегичтердин 1 фазалуу акылдуу эсептегичтер 31 280 даана пландалып толук орнотулду. 3 фазалуу 4320 даана жаңы типтүү акылдуу эсептегичтерге алмаштырылды.
Бакай-Ата районунда 8268 даана акылдуу эсептегич орнотулду.
Айтматов районунда
11 032 даана эсептегич орнотулду.
Талас районунда
11 164 даана эсептегич ийгиликтүү орнотулду.
Манас районунда
5 136 даанасы туташтырылды.
Мындан тышкары, 2026-жылга кошумча жаңы 3390 даана 3 фазалуу жаңы типтеги электр эсептегичтери орнотулуп баштайт.
Акылдуу эсептегичтерди орнотуу иштери этап-этабы менен уланууда. Жаңы эсептегичтер электр энергиясын так эсептөөгө, бузулууларды өз убагында аныктоого, жоготууларды кыскартууга жана керектөөчүлөр үчүн төлөм процесстерин жөнөкөйлөтүүгө жардам берет.