Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги тарабынан жүргүзүлүп жаткан энергетикалык реформалардын алкагында, «КУЭТ» ААКнын филиалы - Талас электр тармактар ишканасы тарабынан Талас облусунда жалпы 35 806 даана акылдуу эсептегичти орнотуу иштери 2025-жылга пландалган. Бүгүнкү күнгө чейин анын ичинен 25 668 даана акылдуу эсептегич ийгиликтүү орнотулду.
Райондор боюнча жүргүзүлгөн иштер:
Талас району боюнча акылдуу эсептегичти орнотуу иштеринин алкагында пландалып 11 037 даананын ичинен, 8 243 даана акылдуу эсептегич орнотулду.
Ал эми, Манас району боюнча 5 294 акылдуу эсептегич пландалса, анын ичинен 3 092 даанасын орнотулду.
Ошондой эле Бакай-Ата району боюнча 7 513 даана акылдуу эсептегич орнотуу пландалса, анын ичинен 7 234 даана акылдуу эсептегич орнотулду.
Ал эми, Айтматов районунда 11 191 даана акылдуу эсептегич орнотуу пландалып, анын 7 099 даанасы орнотулду.
Акылдуу эсептегичтерди орнотуу — бул электр энергиясын эффективдүү жана так эсептөөгө шарт түзүп, кардарлар үчүн ачык-айкын жана заманбап кызмат көрсөтүүнү камсыз кылат. Мындан сырткары, бул ыкма электр энергиясындагы жоготууларды азайтып, тармакты санариптештирүүдө маанилүү кадам болуп саналат.