Колл - борбор: 105; 1209;

Талас облусунда 32 888 даана акылдуу эсептегич орнотулду

13 Ноябрь 2025 ж.

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги тарабынан жүргүзүлүп жаткан реформалардын алкагында «КУЭТ» ААКнын филиалы - Талас электр тармактар ишканасы тарабынан жалпы 32 888 даана АСКУЭ акылдуу эсептегич орнотулду. 2025-жылга белгиленген планга ылайык 32 даана жаңы комплектүү трансформатордук пункт (КТП) трансформатор орнотулду. Мындан тышкары: - Облус боюнча 0,4 кВ чыңалуудагы СИП-2 аба чубалгыларын реконструкциялоо алкагында 463 даана жаңы мамыча орнотулду; - 10 кВ аба чубалгысын реконструкциялоодо 200 даана темир-бетон мамыча орнотулуп, СИП-3 зымы тартылды; - Ал эми жаңы 10 кВ СИП-3 аба чубалгысын куруу иштеринде учурда 276 даана темир-бетон мамыча орнотулду. Ошондой эле, 167 даана трансформатор капиталдык ремонттон, 989 даана трансформатор техникалык тейлөөдөн өткөрүлдү. Ошондой эле 3300 фарфор изолятор айнек изоляторго алмаштырылып, 110 кВ “Семетей-Победа” аба чубалгысында жүргүзүлгөн катипалдык курулуш иштери аяктап, 47,06 чакырым болгон тилкеде зымдар, изоляторлор жана сцепная армарура алмаштырылды. Мындан тышкары, 35 кВ жана андан жогорку чыңалуудагы көмөк чордондордо жалпы 30 даана электр жабдык капиталдык оңдоодон, ал эми 1 608 даана жабдык техникалык тейлөөдөн өткөрүлгөн.