Колл - борбор: 105;

Талас облусунда 110 кВ «Семетей – Кара-Арча» аба электр берүү линиясында пландуу оңдоо иштери жүргүзүлүүдө

16 Апрель 2026 ж.

«КУЭТ» ААКнын филиалы — Талас электр тармактар ишканасы 110 кВ чыңалуудагы «Семетей – Кара-Арча» аба электр берүү линиясында пландуу учурдагы оңдоо иштерин жүргүзүүдө.
Оңдоо иштеринин алкагында аймактагы электр менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жана коопсуздугун жогорулатууга багытталган бир катар иш-чаралар аткарылууда. Тактап айтканда, аба линиясынын трассасын тазалоо иштеринин алкагында коргоо зонасындагы бак-дарактар кыйылып, бул авариялык өчүүлөрдүн алдын алууга мүмкүндүк берет.
Мындан тышкары, дефекттүү изоляторлор алмаштырылып, техникалык кароонун (ТВК) жыйынтыгында аныкталган жана өнүгүп жаткан кемчиликтер жоюлууда. Ошондой эле электр берүү линиясынын тирөөчтөрүнө жогору жактан кароо жүргүзүлүп, алардын техникалык абалы бааланып, мүмкүн болгон бузулуулар өз убагында аныкталууда.
Жүргүзүлүп жаткан иштер электр тармактарынын ишенимдүүлүгүн жогорулатып, технологиялык бузулуулар тобокелдигин азайтууга жана Талас облусунун керектөөчүлөрүн үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылууга шарт түзөт.