Талас облусунда сел кырсыктарына даярдык боюнча атайын-тактикалык машыгуу өткөрүлдү
24 Апрель 2025 ж.
Бүгүн, 2025-жылдын 24-апрелинде, «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКсынын филиалы — Талас электр тармактар ишканасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Талас облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте атайын-тактикалык машыгуу өткөрүлдү. Машыгуунун негизги максаты — сел кырсыгынын кесепеттерин жоюу учурунда электр камсыздоонун авариялык-техникалык тобунун аракеттерин практикалык жактан текшерүү жана жакшыртуу болуп саналат.
Машыгуу учурунда төмөнкү иштер аткарылды:
- Жарандык коргонуу боюнча иш-кагаздарды жана техникалык документтерди текшерүү;
- Энергетика менен камсыздоо жана жарыкты чүмбөттөө кызматынын авариялык-техникалык тобунун өздүк курамын жана жабдууларын текшерүү;
- Өзгөчө кырдаал учурунда ыкчам аракет көрүү боюнча практикалык көнүгүүлөрдү өткөрүү.
Бул машыгуу Талас облусундагы энергетикалык коопсуздукту камсыздоого жана өзгөчө кырдаалдарга даярдык деңгээлин жогорулатууга багытталган. Мындай иш-чаралардын үзгүлтүксүз өткөрүлүшү аймактагы электр камсыздоонун туруктуулугун жана коопсуздугун камсыздоодо маанилүү роль ойнойт.