2024-жылдын 12-октябрында Кыргыз Улуттук Манас Ордо комплексинде Кара-Кыргыз автономдуу облусунун 100 жылдыгы жана Талас облусунун 80 жылдык мааракеси чоң салтанат менен белгиленген.
Бүгүн, 30-декабрда жогоруда аталган массалык-маданий иш-чараны өткөрүүдө зор салым кошкон демөөрчүлөрдү, уюштуруучулар тобун сыйлоо аземи жана 80 жылдыкка карата Талас облусу тууралуу фото-баяндуу китептин бет ачары болуп өттү.
Анда Кара-Кыргыз автономдуу облусунун 100 жылдыгы жана Талас облусунун 80 жылдык мааракесине арналган иш-чарага олуттуу салым кошкон Талас электр тармактар ишканасынын директору Акылбек Султанов, башкы инженердин орун басары Нурлан Сатыбалдиев «Талас облусуна сиңирген эмгеги үчүн» төш белгиси менен жана Талас райондук элект тармагынын жетекчиси Ильяс Узбеков «Талас 80 жыл» юбилейлик медалы менен КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан сыйланышты.