Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги тарабынан калкты сапаттуу жана туруктуу электр энергиясы менен камсыз кылууга багытталган тапшырманы ишке ашыруунун алкагында 2026-жылы Талас облусунда март айынан ноябрь айына чейин 269,530 км 10 кВ аба чубалгысы капиталдык ремонттон өткөрөт. Аталган оңдоо иштери Талас электр тармактар ишканасы тарабынан аткарылат.
10 кВ аба чубалгыларына болгон капиталдык оңдоо иштери төмөнкү райондорго жүргүзүлөт:
-Талас шаарында - 6 км;
- Талас районунда -118,320 км;
- Манас районунда- 41,405 км;
- Айтматов районунда -73,820 км;
-Бакай-Ата районунда 29,985 км;
Мындан тышкары, 1725,61 км 10кВ аба чубалгыларында техникалык тейлөө иштери да жүргүзүлөт. Анын ичинде:
- Талас шаарында - 95,560 км;
- Бакай-Ата районунда - 295,270 км;
- Талас районунда - 525,120 км;
- Манас районунда - 272,980 км;
-Айтматов районунда -536,680 км;
Ошондой эле, 1902,97 км 0,4кВ аба чубалгыларында техникалык тейлөө иштеринин көлөмү:
- Талас шаарында- 208,935 км;
- Бакай-Ата районунда- 362,982 км;
- Талас районунда - 503,865 км;
- Манас районунда - 301,746 км;
-Айтматов районунда -525,442 км түзөт.
Жогорку чыңалуудагы аба чубалгыларында да техникалык тейлөө иштери пландалууда. Тактап айтканда, 35 кВ чыңалууда 248,45 км, 110 кВ аба чубалгысында 302 км, 220 кВ аба чубалгысында 84 км жана 500 кВ аба чубалгысында 51,5 км тейлөө иштери жүргүзүлөт.
Бул иштер электр тармактарынын ишенимдүүлүгүн жогорулатууга жана керектөөчүлөрдү үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылууга багытталган.