Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин тапшырмасына ылайык, 2026-жылы «КУЭТ» ААКнын филиалы – Талас электр тармактар ишканасы Талас облусунда 10/0,4 кВ аба чубалгысында 3628,58 км техникалык тейлөөдөн өткөрүү иштери аткарылат. Анын ичинен, 10 кВ аба чубалгыларында 1725,61 км техникалык тейлөө иштери пландалган. Ал эми, 0,4 кВ аба чубалгыларында 1902,97 км техникалык тейлөө иштери аткарылат.
Аба чубалгыларын капиталдык оңдоодон өткөрүү иштеринин алкагында облус боюнча 269,530 км 10 кВ аба чубалгысы капиталдык ремонттон өткөрүлөт. Анын ичинде:
* Талас шаары – 6 км;
* Талас району – 118,320 км;
* Манас району – 41,405 км;
* Айтматов району – 73,820 км;
* Бакай-Ата району – 29,985 км.
Ошондой эле 35 кВ жогорку чыңалуудагы аба чубалгыларында 685,95 км техникалык тейлөө иштери пландалган.
Мындан тышкары, 2026-жылы облус аймагында жалпысынан 1158 даана темир-бетон мамыча орнотуу пландалган. Бул иштер 0,4–10 кВ аба чубалгыларын куруу жана реконструкциялоо алкагында аткарылат.
Райондор боюнча:
* Бакай-Ата району – 257 даана;
* Манас району – 228 даана;
* Айтматов району – 316 даана;
* Талас району – 302 даана;
* Талас шаары – 55 даана.
Ошондой эле, облус аймагында 197 даана трансформатор капиталдык ремонттон өткөрүлсө, 1266 даана трансформатор техникалык тейлөө иштери аткарылат.
Ошондой эле, 32 даана трансформатордун кубаттуулугу жогорулатылат;
* 10 даана жаңы трансформатор орнотулат.
Аталган иштер апрель айынан ноябрь айына чейин аткарылат.