Талас облусунда 3000 даана фарфор изолятор айнек изоляторлорго алмаштырылды
30 Октябрь 2026 ж.
«КУЭТ» ААКнын филиалы — Талас электр тармактар ишканасы тарабынан калкты сапаттуу жана үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу, ошондой эле 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү максатында Талас аркасында электр тармактарын жаңылоо жана техникалык тейлөө иштери жүргүзүлүүдө.
Аталган иштердин алкагында жалпы 3000 даана эски фарфор изоляторду заманбап айнек изоляторлорго жана 300 даана жараксыз же сынган абалга келген изоляторду алмаштыруу пландалган. Бүгүнкү күндө пландалган иштер толугу менен аткарылды.
Белгилей кетсек, быйыл өткөн жылга салыштырмалуу 1000 даанадан ашык кошумча изолятор алмаштырылды. Ал эми алмаштырылган фарфор изоляторлордун көпчүлүгү 1965–1975-жылдары орнотулган эски жабдуулар болуп саналат.
Жаңы айнек изоляторлор электр тармактарынын ишенимдүүлүгүн жогорулатып, авариялык өчүрүүлөрдүн санын азайтууга өбөлгө түзөт. Ошондой эле алар сырткы таасирлерге туруктуулугу жана узак мөөнөттүү кызмат кылуусу менен айырмаланат.
Мындан тышкары, Талас электр тармактар ишканасынын Жогорку чыңалуудагы тармактар кызматынын балансында жалпы 27 аба чубалгысы бар. Кызмат тарабынан 35 кВ чыңалуудагы аба чубалгыларын тейлөө жана оңдоо иштери жүргүзүлөт.
Учурда 22 аба чубалгысында техникалык тейлөө иштери аткарылып, жалпы пландалган көлөм 934 чакырымды түзөт.
Ал эми бүгүнкү күндө «Чат-Базар» – «Беш-Таш» багытындагы 35 кВ аба чубалгысында оңдоо иштери аяктоо алдында турат.
«КУЭТ» ААКнын филиалы — Талас электр тармактар ишканасы тарабынан жүргүзүлүп жаткан жаңылоо жана техникалык тейлөө иштери электр энергиясын ишенимдүү жеткирүүгө, авариялык өчүрүүлөрдү азайтууга жана күз-кыш мезгилинде керектөөчүлөрдү туруктуу электр энергиясы менен камсыз кылууга багытталган.
Талас электр тармактар ишканасынын карамагында 4 райондук жана 1 шаардык электр тармагы иш алып барып, Талас аймагындагы керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен камсыз кылуу боюнча тиешелүү иштерди жүргүзөт.
Учурда ишкана тарабынан жалпы 56 537 абонент тейленет. Алардын 53 357си — тиричилик абоненттери, ал эми 3 180и — тиричиликке кирбеген абоненттер.