Колл - борбор: 105; 1209;

Талас облусунда 2000 даана фарфор изолятор кулондору айнек изоляторго алмаштырылат

20 Июнь 2024 ж.

  Талас электр тармактар ишканасынын жогорку чыңалуудагы аба чубалгылар кызматы 2024- жылга мерчемделген капиталдык жана утурумдук оңдоо иштеринин негизинде сынган жана эскилиги жеткен 2000 даана фарфор изолятор кулондорун айнектерге алмаштыруу пландаган. Учурда 1230 даана фарфор изолятор кулондору алмаштырылып аяктады.
 
  Аба чубалгы кызматы тарабынан 2024-жылы жалпы 35 кВ жана андан жогорку 934,4 км аба чубалгыларында оңдоо иштери пландалган. Анын ичинен 538 км аба чубалгыларында оңдоо иштери бүттү.
 
  Ошондой эле, 500 кВ Л-509 «ТГЭС-Тулебердиева» аба линиясына кирүүчү жолдордо аба чубалгысын оңдоо иштери пландалган. Аба чубалгысына 14 км кирүүчү жолду оңдоо июль жана август айында ишке ашырылат.
 
  Учурда аба чубалгы кызматы тарабынан 35 кВ жана андан жогорку аба чубалгыларынын тепловизордук текшерүүдөн (ТВК) кийин аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча иштер аткарылууда.
Жогоруда корсотулгон иш пландар 2024-жылдын октябрь айында аткарылып бүткөрүлөт.