ТАЛАС ОБЛУСУНДА 2000 ДААНА ФАРФОР ИЗОЛЯТОР АЙНЕК ИЗОЛЯТОРЛОРГО АЛМАШТЫРЫЛДЫ
30 Сентябрь 2026 ж.
2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча коюлган милдеттерин ишке ашыруунун алкагында «КУЭТ» ААКнын филиалы- Талас электр тарактар ишканасы Талас облусунда электр тармактарын жаңылоо иштерин улантууда.
Аталган иштердин алкагында Талас облусунда жалпы 3500 даана эски фарфор изоляторлорду заманбап айнек изоляторлорго алмаштыруу пландалган. Бүгүнкү күнгө карата анын 2000 даанасы ийгиликтүү жаңыртылды.
Белгилей кетсек, быйылкы жылы өткөн жылга салыштырмалуу 1000 даанадан ашык кошумча изолятор алмаштыруу иштери жүргүзүлүүдө. Алмаштырылып жаткан фарфор изоляторлор негизинен 1965–1975-жылдары орнотулган эски жабдуулар болуп саналат.
Жаңы айнек изоляторлор авариялык өчүрүүлөрдүн санын азайтып, электр тармактарынын ишенимдүүлүгүн жогорулатат. Алар физикалык эскирүүгө жана сырткы таасирлерге туруктуу болгондуктан, кызмат мөөнөтү узак болуп, сынганга же толук жараксыз абалга келүүгө чейин сапаттуу иштөөнү камсыздайт.
Мындан тышкары Талас электр тармактар ишканасынын Жогорку чыңалуудагы тармактар кызматынын балансында жалпы 27 аба чубалгысы бар. Кызмат тарабынан 35 кВ жогорку чыңалуудагы аба чубалгыларын тейлөө жана оңдоо иштери жүргүзүлөт.
Учурда 22 аба чубалгысында техникалык тейлөө иштери аткарылып, 760 чакырым аралыктагы линияларда иштер бүткөрүлдү. Жалпы пландалган көлөм 934 чакырымды түзөт.
Жүргүзүлүп жаткан жаңылоо жана техникалык тейлөө иштери электр энергиясын ишенимдүү жеткирүүгө, авариялык өчүрүүлөрдү азайтууга жана калкты күз-кыш мезгилинде туруктуу электр энергиясы менен камсыз кылууга багытталган.
Талас электр тармактар ишканасынын карамагында 4 райондук жана 1 шаардык электр тармагы иш алып барып, Талас аймагындагы керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен камсыз кылуу боюнча тиешелүү иштерди жүргүзөт.
Учурда ишкана тарабынан жалпы 56 537 абонент тейленет. Алардын 53 357си — тиричилик абоненттери, ал эми 3 180и — тиричиликке кирбеген абоненттер.