Бүгүн «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын филиалы — Талас электр тармактар ишканасында энергетиктер үчүн маанилүү иш-чара болуп өттү. Ишкананын жетекчилиги тиешелүү бөлүмдөргө жана Бакай-Ата, Манас районун электр тармактарына жаңы бригадалык автоунаалардын жана атайын техниканын ачкычтарын тапшырды.
Белгилей кетсек, 2025-жылы Талас электр тармактар ишканасына жаңы автотехникалар келди. Алар төмөнкүлөр:
* JAC N56 үлгүсүндөгү 1 бригадалык автоунаа
* JAC T8 үлгүсүндөгү 2 бригадалык автоунаа
* Shanmon 388 үлгүсүндөгү 1 экскаватор-жүктөгүч
Бул техникалар авариялык кырдаалдарды ыкчам жоюуга, өндүрүштүк иштерди үзгүлтүксүз жүргүзүүгө жана кызматкерлердин жумуш шарттарын жакшыртууга багытталган.