Колл - борбор: 105; 1209;

Талас ОИИБде гарнизондук саптык кароо өткөрүлдү

27 Декабрь 2024 ж.

 
Бүгүн 27-декабрда Талас облусунун ички иштер башкармалыгынын имаратынын алдында жаңы 2025-жылга карата гарнизондук саптык кароо болуп өттү. Гарнизондук саптык кароого Талас ОИИБдин жетекчилиги, Президенттин Талас облусундагы ыйгарымдуу укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппарат жетекчиси, Талас электр тармактар ишканасынын кызматкерлери, Талас ОИИБдин ардагерлери, Талас шаарынын, Талас районунун ички иштер бөлүмдөрүнүн, Талас облустук ЖКККБнын, ИИМдин Атайын багыттагы полкунун Талас облусу боюнча Атайын операциялар отрядынын, ИИМдин Күзөт кызматынын Талас шаарындагы бөлүмүнүн башчылары жана өздүк курамы, ӨКМ, Саламаттыкты сактоо кызматы жана элдик кошуундар катышты. Ошондой эле аталган бөлүмдөрдүн кызматтык автоунаалары тартылды.
Соңунда өздүк курам жана кызматтык автоунаалар саптык жүрүштөн өтүштү.