«КУЭТ» ААКнын филиалы - Талас электр тармактар ишканасы тарабынан 10/0,4 кВ аба чубалгыларында бүгүнкү күндө техникалык тейлөө жана капиталдык оңдоо иштеринин алкагында бир катар маанилүү иштер аткарылды.
Техникалык тейлөө иштери жалпысынан 3764,025 км 10/0,4 кВ аба чубалгысын техникалык тейлөөдөн өткөрүү пландалган болсо, бүгүнкү күндө анын ичинен 1589,28 км техникалык тейлөөдөн өттү. Бул төмөнкүдөй аймактарды камтыйт:
* Талас шаары — 117,966 км (мерчемделген 267,189 кмден),
* Талас району — 478,795 км (1083,165 кмден),
* Бакай-Ата району —311,67 км (615,439 кмден),
* Айтматов району — 431,075 км (1143,118 кмден),
* Манас району — 249,774 км (655,114 кмден).
Ал эми, капиталдык оңдоо иштери жалпы 217,63 км аба чубалгысын капиталдык оңдоп-түзөө пландалган. Азыркы күндө төмөнкү иштер аткарылды:
* Талас району — 64,2 км (пландалган 142,57 кмден),
* Айтматов району — 31,9 км ( пландалган 52,46 км),
* Бакай-Ата району — 18,6 км пландалган,
* Талас шаары — 2 км ( пландалган 4 км) .
Ошондой эле, трансформаторлорду капиталдык оңдоо иштеринде жалпы 167 даана трансформаторду капиталдык оңдоого алуу пландалган. Бүгүнкү күндө 60 даана трансформатор оңдолуп бүткөрүлдү:
* Талас району — 54 даана трансформатор пландалса, анын 20 даанасы аяктады,
* Бакай-Ата району 39 даана трансформатор пландалса, анын 13 даанасы аяктады,
* Манас району — 16 даана трансформатор пландалса,анын 6 даанасы аяктады,
* Айтматов району — 36 даана трансформатор пландалса, анын 13 даанасы аяктады,
* Талас шаары — 22 даана трансформатор пландалса, анын 8 даанасы аяктады.
Трансформаторлорду техникалык тейлөөдөн өткөрүү боюнча дагы иштер ырааттуу жүрүүдө. Учурда:
* Талас району —пландалган 386 даана транмформатордон, 162 даанасы техникалык тейлөөдөн өттү,
* Бакай-Ата району— 117 даана (266 даана пландалган),
* Манас району — 57 даана (129дан пландалган),
* Айтматов району — 121 даана (278ден пландалган),
* Талас шаары — 78 даана (175 пландан) трансформатор техникалык тейлөөдөн өткөрүлдү.
Мамычаларды жаңыртуу иштери:
Эски жыгач мамычаларды заманбап темир бетон мамычаларга алмаштыруу иштери дагы башталган.
Жалпы план боюнча:
* Талас району— 491 даана, анын ичинен 33 мамыча алмаштырылды,
* Бакай-Ата району — 4 даана пландалган,
* Манас району — 430 даана,
* Айтматов району— 55 даана,
* Талас шаары— 14 даана пландалган.
Бул иштер июнь айынан тартып ноябрь айына чейин улантылат.
Аталган иш-чаралар Талас облусунун калкын электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо, электр жабдууларынын ишенимдүүлүгүн жана коопсуздугун жогорулатуу максатында жүргүзүлүп жатат.
Электр энергиясы менен камсыздоо боюнча бардык суроолор боюнча колл-борборго кайрылыңыз
Колл-борбору : 105; 1209; +996 772 00 1209; +996 702 00 1209
Вотсап: +996 556 00 1209